Жарыяланган
2025-16-04, 17:08Социалдык фонд Пенсиялык топтомо фонддогу 53 млрд 726 млн сомду депозиттерге жана мамлекеттик баалуу кагаздарга жайгаштырган. Бул тууралуу "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясынын жыйынында аталган мекеменин башчысы Бактияр Алиев билдирди.
Алиевдин айтымында, 1-апрелге карата Пенсиялык топтомо фонддогу каражаттар 53 млрд 726 млн сомду түзгөн. Анын 85%ы мамлекеттик баалуу кагаздарга, 15%ы коммерциялык банктарга депозитке салынган.
"Мамлекеттик баалуу кагаздарга 45 млрд 543 млн сом жайгаштырылган. Кирешелүүлүгү - 13-18,5%. Депозиттер 13 коммерциялык банкта ачылып, аларга 7 млрд сом салынган Кирешелүүлүгү - 12,2-16,5%", - деди ал.