Жарыяланган
2023-26-05, 03:55"Диджитал Пэйментс-К" төлөм уюму өзүнүн юридикалык аталышын өзгөрттү. Улуттук банк буга байланыштуу лицензияны кайра чыгарды.
Эми ал “Фридом Пэй Кыргызстан” ЖЧКсы деп аталат.
Юстиция министрлигинин маалыматына караганда, уюм кайра каттоо процедурасынан 25-апрелде өткөн.
Белгилеп кетсек, "Фридом Пэй Кыргызстан" чет элдик катышуучусу бар компания, анын директор катары Атай Соронкулов көрсөтүлгөн.