Жарыяланган
2021-23-08, 03:01Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу Кажы-Сай айыл өкмөтү товар сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылды.
Майрамдык иш-чарага керектүү товарлар жана кызматтар 20 миң сомго же 236 долларга бааланган. Көрсөтүлгөн суммага эмнелер кирээри боюнча так маалымат жок.
Белгилүү болгондой, тендер келишимди түз түзүү ыкмасы менен өткөрүлөт.