akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-05-06, 11:38

    Ош облусунда 447 млн сомго канал курулат

    Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин Суу чарба кызматынын Суу чарба курулуш дирекциясы курулуш-монтаждоо иштерине тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат. 

    Тендердин жалпы суммасы 447 млн сомду түзөт.

    Бул акчага Ош облусунун Ноокат районундагы Ынтымак айыл өкмөтүнө Каримберди каналын куруу пландалууда.