akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2024-15-08, 08:27

    Таластагы ЖДПБ жер астындагы сууларды мыйзамсыз пайдаланган

    Суу чарба, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине караштуу Жер-суу көзөмөлдөө кызматы Талас облусунун Бакай-Ата райондук жалпы медициналык практика борборун текшерип, мыйзам бузууларды аныктады.

    Бакай-Ата райондук Жалпы дарыгерлик практика борбору тарабынан 2015-жылы өкмөттүн токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасындагы жер астындагы сууларды коргоо жөнүндө жобонун” талаптары бузулган.

    Текшерүүнүн жыйынтыгы менен текшерүү актысы түзүлүп, мыйзам бузууларды четтетүү боюнча жазуу жүзүндөгү буйрук берилген. Мындан тышкары, жер астындагы сууларды уруксатсыз пайдалангандыгы үчүн Суу кодексинин 91-беренесине ылайык 62,2 миң сомдук доо коюлган.