akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2023-09-11, 11:10

    Президент Садыр Жапаров келерки аптада Жапонияга барат

    17-20-ноябрда президент Садыр Жапаров Жапонияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу Жапониянын Министрлер кабинетинин башкы катчысы Хироказу Мацуно 7-ноябрда өткөн маалымат жыйынында билдирди, деп жазат Nikkei.

    Сапар учурунда Жапаров премьер-министр Фумио Кишида менен жолугушуп, кан жана канайым менен жолугушууну пландаштырууда.

    Мацуно белгилегендей, 2022-жылы Кыргызстан менен Жапония дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилешкен. 

    “Кыргызстандын президентинин Жапонияга сапары эки өлкөнүн ортосундагы достук жана кызматташтык мамилелерди мындан ары да тереңдетет деп ишенем”, - деди ал.

    Ошондой эле, Садыр Жапаров Токиодон тышкары Киото шаарына да барат.

    Белгилеп кетсек, Кыргызстандын Жапония менен болгон соода жүгүртүүсү 117 млн долларды түзөт.