akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-06-04, 19:26

    Президент Жер кодексин артка кайтарды

    Президент Садыр Жапаров Жер кодексин каршы пикири менен артка кайтарды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди 

    Жер кодекси Жогорку Кеңеште кызуу талкууланып, кийин коомчулукта катуу нааразылык жаратканын белгилеген Аскат Алагөзов президент Кыргызстанда жеке менчик кол тийгис деген негиз менен аны артка кайтарганын айтты. 

    Эгерде огород же турак жай турган жер мамлекеттик максатта алына турган болсо, анда анын ордуна компенсация төлөнүшү, же башка жерден тийиштүү жер тилкеси сунушталышы керек. Бул Кыргызстандын Конституциясында каралган. 

    Анын айтымында, Жер кодекси боюнча каршы пикирге кол коюуда президент тарабынан бир нече жагдай эске алынган:

    • жер пайдалануучу тарабынан республикалык маанидеги шаарлардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 5 пайыз же болбосо эквиваленттүү акча каражаттарын берүү жөнүндө макулдашуунун милдеттенмелерин аткарбагандыгына байланыштуу жер тилкеси алынып коюлганда, бул жоболор Конституциянын 15-беренесине карама-каршы келет;
    • кол коюуга келген Жер кодексинде менчик ээсинин жер тилкенин  өлчөмүнө жараша компенсация алууга укугу чектелген жана "калыбына келтирүү наркы" термини аныкталган эмес;
    • мал жаюу менен байланышпаган мамлекеттик менчиктеги жайыт жерлерин которуу (трансформациялоо) жолу менен жеке менчикке өткөрүп берүү, бул жоболор Конституциянын 16-беренесине жана мыйзамдарга карама-каршы келет;
    • мамлекеттер аралык келишимдерди ишке ашыруунун алкагында жер тилкелерин тоорук өткөрбөстөн түз сатуу жана/же алмаштыруу жолу менен чет өлкөлүк жарандарга менчикке берүү, бул жоболор Конституциянын 16-беренесине карама-каршы келет;
    • муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин мамлекеттик пайдалануучуга мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жана өткөрүп берүү тартиби, мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө мыйзамдарга туура келбейт (жергиликтүү кеңештин макулдугусуз ж. б.);
    • темир жол жана анын инфраструктурасы ("Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан") курулган учурда чек арага чектеш аймактарда жайгашкан жер тилкелерин мөөнөттүү (убактылуу) пайдалануу укугу менен берүүгө чектөөнүн болушу; 
    • ​ижарага алынуучу жер тилкенин менчик ээси же анын мураскери 10 жылдан ашык жок болсо, көп кабаттуу турак үй жайгашкан жер тилкени турак жай менчик ээлеринин шериктигинин менчигине акысыз өткөрүп берүү бөлүгү, бул жоболор Жарандык кодекстин ченемдерине каршы келет.