Жарыяланган
2023-11-08, 06:24"Кыргызинкас" башкы инкассатор кызматынын кирешеси 2022-жылы дээрлик төрт эсеге өстү. Маалыматты компаниянын каржылык отчету далилдейт.
Алсак, 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча накталай инкассация кызматынын кирешеси 13,3 миллион сомду түзсө, 2022-жылы 53,1 миллион сомду түзүп, төрт эсеге өскөн.
Ккирешенин көбөйүшүнө эмне себеп болгонун тактоого азырынча мүмкүн болгон жок. Бирок бул компаниянын кызматтарына суроо-талаптын санынын өсүшүнө байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдоого болот. Анткени 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча коммерциялык банктардын кирешесинин өсүшү да 6,5 эсе болгон.
"Кыргызинкас" Улуттук банктын туунду ишканасы болуп саналат.