Жарыяланган
2024-14-11, 12:12Коррупцияга айыпталып, абакта отурган Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов эч жакка чыкпоо тил каты менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө абагынан чыгарылышы боюнча атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев 14-ноябрда Жогорку Кеңеште түшүндүрмө берди.
Маалыматка ылайык, мурдагы бажычы мамлекеттик бюджетке 200 млн доллар төлөп берип, анан чыккан.
"Райымбек Матраимогов үч берене менен кылмыш иши козголгон: "Чек араны мыйзамсыз басып өтүү", "Ээнбаштык" жана "Кылмыштуу кирешени адалдоо". Биз аны кармап келгенден кийин, ишин 8 ай тергедик. 2 күн мурун ал абактан чыкты. Матраимов бюджетке 200 млн долар төлөп чыкты, бул 2 млн же 20 млн доллар эмес. Араңарда бизнес кылган депутаттар бул канча көп акча экенин жакшы билишет. Бул - 17 млрд сом. Матраимов буга чейин 2,5 млрд сомду бюджетке төккөн. Ошондо жалпы 19,5 млрд сом төлөдү. Албетте баары накталай эмес, мүлк менен да алынды. Мүлктүн баарын баалап, арзан баада баалап, алдык. Жакында соту болот, анда биз койгон беренелер боючна жазасын тартат же айып пулун төлөйт. Акчасын төлөгөн соң аны камакта кармап отуруштун эч кандай пайдасы жок болчу, мамлекетке да, өзүнө да", - деди Ташиев.