Жарыяланган
2022-09-06, 11:13Орусиянын үч шаарынан — Москва, Санкт-Петербург, Екатеринбург жана Новосибирск шаарынан түз каттамдар Ысык-Көл аэропортуна учат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алсак, 10-июндан тарта "Урал аба жолдору" Москва – Тамчы – Москва багыты боюнча жумасына эки рейс, Екатеринбург – Тамчы – Екатеринбург каттамы боюнча жумасына эки, Санкт-Петербург багыты боюнча жумасына бир рейс аткара баштайт.
16-июндан тарта “Арофлот” авиакомпаниясы Москва – Тамчы – Москва багыты боюнча жумасына эки каттамды ача баштайт. 19-июндан баштап S7 Airlines Новосибирск – Тамчы –Новосибирск багыты боюнча жумасына бир каттамды ачат.
"Бул каттамдар Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы үзгүлтүксүз жүргүнчү каттамдарына коюлган чектөөлөрдүн алынып салынышына жана россиялык туристтердин Ысык-Көл облусундагы эс алуу жайларына турларга суроо-талаптын өсүшүнө байланыштуу", — деп айтылат маалыматта.