Жарыяланган
2022-08-12, 03:10Россия банкы орус рублине карата расмий валюта курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, доллардын курсу өсүүсүн улантып, бир сутка ичинде 0,04%га бекемделип, 62,9372 рублди түздү.
Ал арада евро 0,32% төмөндөп, 65,8966 рублди түздү.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда сом долларга жана рублга карата арзандаса, тескерисинче, евро жана теңгеге карата бекемделди.