akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-27-02, 11:28

    Жыл башынан бери өлкөдө эт, сүт, жумуртка өндүрүүнүн көлөмү өстү

    Республиканын бардык аймактарында эт өндүрүүнүн көлөмү негизинен малдын жана бакма канаттуулардын санынын эсебинен өстү. Мындай маалыматты Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.

    Республикада мал жана канаттууларды каттоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча 2024-жылдын аягына карата бодо малдын саны былтыркыга салыштырмалуу 1,5%, кой-эчки – 1,1%, жылкы – 2%, үй канаттууларынын саны 10,5%га өскөн.

    Мисалы, 2025-жылдын январында республикада сүт өндүрүү 85,1 миң тоннаны түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 781 тоннага же 0,9%га көп болду. Республиканын бардык райондорунун чарбаларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда уйлардын саны 1,8 процентке жана продуктуулугу 3,4 килограммга көбөйгөндүгүнүн эсебинен сүт саап алуу көбөйдү.


    Тектеш материалды окуу