Жарыяланган
2025-15-04, 16:44Сабырбек Жумабеков Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Травматология жана ортопедия улуттук борборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Дайындоо тууралуу документке министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Сабырбек Жумабеков 2004-жылдан 2022-жылга чейин Бишкек Травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунун директору болгон. 2022-жылы бул медициналык мекеме Клиникалык тез жардам ооруканасы болуп өзгөртүлгөн.