Жарыяланган
2024-07-10, 14:52Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Орусияга жөнөп кетти. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында төмөнкүлөр бар:
- министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары, Кыргызстандын КМШ иштери боюнча улуттук координатору Адылбек Касымалиев;
- тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
-президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев;
-президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Кыргызстандын ыйгарым укуктуу өкүлү Улукбек Кармышаков.
Маалыматка ылайык, КМШнын Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынынын жүрүшүндө Шериктештикке мүчө мамлекеттердин соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы кызматташтыгын кеңейтүүгө жана бекемдөөгө багытталган маанилүү чечимдер кабыл алынат.