Жарыяланган
2024-24-07, 10:27Президент Садыр Жапаров 25-27-июлда Францияга иш сапар менен барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Сапардын алкагында өлкө башчы “Туруктуу өнүгүү үчүн спорт. Тезирээк, бийигирээк, күчтүүрөөк - жакшы келечек үчүн бирге” аталышындагы Париж саммитине катышат.
"26-июлда президент Садыр Жапаров XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышат”, - деп айтылат маалыматта.