Жарыяланган
2024-09-10, 11:48Салык декларациясын тапшырбаган жана туура эмес тапшыргандарга 6 миллион сом айып салынды. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, жыл башынан бери мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин бирдиктүү салык декларациясын тапшыруусуна карата текшерүү жүргүзүлдү.
Жыйынтыгында 2 миң 511 кызматкерге карата укук бузуу өндүрүштөрү козголуп, материалдар сот органдарына жиберилген.
1,5 миң кызмат адамы жалпы суммасы 6 миллион 40 миң сомду түзгөн айып түрүндөгү жаза чарасына тартылды. Ал эми калган кызматкерлердин иши кароо стадиясында.