akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-12-08, 11:45

    Салык кызматы мүлктү мыйзамдаштыруу зарылдыгын эскертти

    Мамлекеттик салык кызматы жарандарга "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" Мыйзамынын алкагында 2024-жылдын 31-декабрына чейин активдерди легалдаштыруу мүмкүнчүлүгү тууралуу эскертти. 

    Мыйзам 2023-жылдын 1-январына карата менчик активдерди легалдаштырууну карайт, анын ичинде:

    • кыймылдуу мүлк;
    • кыймылсыз мүлк;
    • акча каражаттары жана башка активдер.

    Декларанттарга активдердин сакталышына жана жазыктык куугунтуктоодон корголушуна кепилдиктер берилет. Мында легалдаштырылган активдер үчүн салык жана бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө талап кылынбайт.

    Жарандарга ыктыярдуу мыйзамдаштыруу үчүн төмөнкүлөр керек:

    • атайын декларациянын формасын толтуруу;
    • атайын декларацияны мамлекеттик же жеке нотариустан күбөлөндүрүү (анын ичинде консулдук мекемелерде жана чет өлкөдөгү элчиликтерде);
    • декларациялоо мөөнөтүнүн ичинде номиналдык ээлеринен декларантка карата менчик укугун кайра каттоо.

     

     

     


    Тектеш материалды окуу