akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-21-02, 13:52

    Салык кызматы мобилдик тиркемесин ишке киргизди

    Мамлекеттик салык кызматы Salyk.kg мобилдик тиркемесин ишке киргизди.Тиркеме "Салык төлөөчүнүн жеке кабинетинин" мобилдик версиясы болуп саналат. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. 

    Мобилдик тиркеме Cabinet.salyk.kg “жеке кабинетинин” веб-версиясында катталган жана иштеген салык төлөөчүлөр үчүн жеткиликтүү.

    Тиркеменин жардамы менен колдонуучулар онлайн режимде төмөнкү кызматтардан пайдалана алышат: 

    – салыктарды төлөө;

    – электрондук патентти жана камсыздандыруу полисин тариздөө;

    – электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар менен иштөө;

    – карыздын же ашыкча төлөмдүн бар экендигин текшерүү;

    – салык отчетторун нөлдүк көрсөткүчтөр менен тапшыруу;

    – салык органдарынан маалымкат алууга суроо-талап жиберүү;

    – катталган мүлк жөнүндө маалыматтарды алуу.

    Salyk.kg тиркемесин Google Play жана App Store аркылуу жүктөп алууга болот.


    Тектеш материалды окуу