akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-18-04, 16:10

    Салымбеков түнкү клубдардын түнкү саат 1ден кийин иштөөсүнө тыюу салууну сунуштады

    "Дордой" ассоциациясынын ардактуу президенти, ишкер Аскар Салымбеков түнкү клубдардын жана ресторандардын түнкү саат 1ден кийин иштөөсүнө тыюу салууну сунуштады.

    Салымбеков Бишкектин чыгыш тарабындагы ботаникалык бак жакта жашай турганын, алардын жанындагы клубда эс алган жаш кыздар-балдар күндө таңында мас абалда уруш-талап чыгарып, элдин тынчын аларын билдирди. Ошол жерде жашагандар же көчөдө бараткандар мас болгон жаштарга милиция же тез жардам келгенин күндө көрүшөт. Ал мындай көрүнүш башка түнкү клуб бар жерлерде да болуп турарын айтат. 

    Ал түнкү клубдар менен башка эс алуучу жайлар таң атканга чейин эмес, түнкү саат 12ге же 1ге чейин гана иштеши керек деген пикирде. Салымбеков буга чейин депутаттар түнкү убакта тынчтыкты сактоо керектиги тууралуу мыйзамды кабыл алганын эске салды. 

    Мындан улам ал укук коргоо органдарына, эл өкүлдөрүнө жана Бишкек шаарынын мэриясына расмий түрдө кайрылып, ресторандар менен клубдардын иш убактысын түнкү 12ге же 1ге чейин чектөөнү жана катуу көзөмөлгө алууну сунуштай турганын билдирди.