Жарыяланган
2024-06-09, 14:25Эттин баасынын көтөрүлүшүнө байланыштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы түшүндүрмө берди.
Учурда Кыргызстандын рыногунда эттин баасынын жогорулаганы байкалууда. Кызмат тарабынан жума сайын жүргүзүлгөн баа мониторингинин жыйынтыгы боюнча 2024-жылдын 7-августунан 5-сентябрына чейин кой этине (сулп эттен тышкары) орточо базар баасы 2,3%га (кг 564,7 сомдон 577,5 сомго чейин) жогорулаганы аныкталган. Ал эми уй эти (сулп эттен тышкары) 5,3%га (кг 544,4 сомдон 573,1 сомго чейин) көтөрүлгөн.
Сатуучулардын айтымында, баанын өсүшү тирүү жана союлган бодо малдын кошуна өлкөлөргө көбүрөөк экспорттолушуна байланыштуу. Мындан улам, ички рынокто эт тартыштыгы жаралган. Алсак, эң жогорку баа Бишкек, Ош, Токмок шаарларында катталып, кой этинин кг 13-35 сомго, уй этинин кг 40-60 сомго кымбаттады.
“Ошентип, мониторингде келтирилген цифралар баанын айрым региондор боюнча эмес, республика боюнча орточо өсүшүн көрсөтөт. Бааларды көзөмөлдөөдө кызмат эттин түрлөрү сыяктуу ар кандай факторлорду эске алат. Мисалы, филе же сөөксүз эттин (сулп эт) баасы сөөктүү этке караганда дайыма жогору”, - деп айтылат маалыматта.
Көптөгөн фермерлер малын бордоп, семиртүү үчүн жайлоого жиберишет, мындан улам, союлган малдын саны да кыскарат. Ошондой эле, сентябрь айында үйлөнүү той сыяктуу көптөгөн иш-чаралар өткөрүлүп, этке, өзгөчө кой жана уй этине суроо-талап кескин өсөт.