akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-06-06, 05:48

    Кыргызстан 2023-жылы Кытайга канча карыз төлөгөн?

    Былтыркы жылы Кыргызстан Кытайга болгон карызын жабууга эң көп акча бөлгөн. Төлөмдөрдүн көлөмү республика тышкы милдеттенмелерди төлөөгө жумшаган жалпы сумманын 35,5% түзгөнүн Каржы министрлиги билдирди. 

    Жалпысынан Кыргызстан былтыр тышкы карыз боюнча 31 миллиард 565,7 миллион сом төлөгөн. Анын 25,2 миллиард сому кредиторлордун алдындагы милдеттенмелердин негизги суммасын төлөөгө, дагы 6,3 миллиард сому алар боюнча пайыздарга кеткен.

    Анын үстүнө өткөн жылы республика Кытайга 11 миллиард 200,2 миллион сом карызын төлөгөн. Бул сумманын 70%дан ашыгы же 8,1 млрд сому карыздын негизги суммасын жабууга, 3,1 млрд сому пайыздарга жумшалды.

    Кошумчалай кетсек, ушул жылдын январь айынын башында Кыргызстандын Кытайга болгон карызы 1 миллиард 707,7 миллион долларга же 152 миллиард 532,84 миллион сомго бааланган. Бул республиканын бардык тышкы милдеттенмелеринин 36,9 процентин түзөт.