Жарыяланган
2022-06-09, 09:38"Учкун" акционердик коомунун жаңы башкы директору болуп Бакытбек Султанов дайындалды. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жарыяланды.
Ишкананы 2018-жылдын ноябрь айынан бери жетектеп келген мурдагы директор Даир Кенекеев жаңы ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган. Мындай чечимди компаниянын директорлор кеңеши 22-августта кабыл алды.
Султановду дайындоо боюнча чечимди директорлор кеңеши 23-августта чыгарган.
Жаңы жетекчи "Принт Экспресс" басма-полиграфиялык комплексинин директору экени белгилүү. Ошондой эле 2014-жылы "Учкун" ААКсынын башкы директорунун кеңешчиси болгон.