Жарыяланган
2025-23-04, 16:47Улуттук банк 24-апрелге карата расмий валюталар курсун жарыялады. Ага ылайык, сомго карата евро менен рублдын курсу түштү.
Маалыматка ылайык, 24-апрелге карата евронун курсу 99.2845 сом деп белгиленди. Ал кечээги күнгө караганда 0.61%га аз. Ошондой эле рублдын курсу 2.8%га 1.0579 сомго чейин түштү.
Ал эми доллардын курсу 86.9925 сомго чейин же 0.13% өстү.
Теңгенин сомго карата курсу 0.11%га көтөрүлүп, 0.1679 сомду түздү. Кытайдын юаны 0.41%га өсүп, 11.9286 сом болду.