akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-15-05, 03:58

    «Социалдык келишим» долбооруна арыздар кабыл алынууда

    Министрликтин аймактык бөлүмдөрү “социалдык келишим” программасына катышуу үчүн арыздарды кабыл алып, карап башташты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти. 

    Программанын алкагында чакан бизнес ачуу үчүн 100 миң сомду акысыз алууга болот.

    “Быйылкы жылы программага 23 миң үй-бүлө катышат. Анын 20 миңи республикалык бюджеттен каржыланат, буга 2 млрд сом бөлүнгөн. Калган 3 миң үй-бүлө Дүйнөлүк банк аркылуу алат”, - деп белгиленет маалыматта. 

    Социалдык паспорту бар же “үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пул алган жакыр жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр каражат ала алышат. Үй-бүлө эмгек жана мүлк потенциалына ээ болушу керек, ошондой эле чыныгы бизнес-план түзүшү керек.

    Социалдык контракт түзүүдө артыкчылык 3 же андан көп балалуу же ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө, “бир айыл – бир продукт” долбоорунун жана жашыл экономиканын критерийлерине жооп берген кирешелүү жана туруктуу бизнес планы бар үй-бүлөлөргө берилет.