Жарыяланган
2025-07-01, 13:23Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө буйрукка кол койду.
Комитетти Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жетектейт. Уюштуруу комитетинин милдеттерине оюндарды даярдоо жана өткөрүү боюнча ведомстволор аралык иш планын иштеп чыгуу жана бекитүү, спорттук программанын эрежелерин жана жоболорун бекитүү, пландаштырылган иш-чаралардын негизинде чыгымдардын сметасын түзүү кирет.
Министрлер кабинети Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өлкөнүн көчмөндөр цивилизациясынын маданиятын кайра жаратууга, сактоого жана өнүктүрүүгө багытталган маанилүү эл аралык долбоору экенин тактайт. Буга чейин оюндар 2014-2016-2018-жылдары Кыргызстанда өтсө, 2022 жана 2024-жылдары Түркия менен Казакстанда өткөн.