Жарыяланган
2019-30-12, 03:202019-жылдын башында кумшекерге болгон баанын саны 11,1% жана жашылча жемиштерге болгон баа 8,2% төмөндөгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.
Маалыматка ылайык, жыл башында натуралдык кофенин баасы 5,4%, минералдык суунуку – 5,3%, сүт 4%, кургатылган жемиш жана жаңгактын баасы 3,2%, ышталган балык – 2,7%, тоок жумурткасы – 2,7%, каймак – 2%, таттуу – 2,1% арзандаган.
2019-жылдын ноябрь айында, 2018-жылга салыштырмалуу республика боюнча алкоголдук ичимдик жана чылымга болгон баанын саны көтөрүлгөн.
Ушул эле учурда, жыл башында алкоголдук ичимдиктердин баасы 0,5% жана чылымдын баасы тескерисинче 13% кымбаттаган.