akchabar logo with typographysearch

    Жарыяланган

    2024-06-09, 14:43

    Такси жана жеткирүү кызматындагыларга ККМ колдонбоого уруксат берилди

    Такси кызматында жүргүнчүлөрдү ташуу жана курьер кызматын көрсөткөн ишкерлер 1-январга чейин ККМ колдонуудан бошотулду. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

    Ошондой эле көзөмөл-касса машина колдонуудан интернет аркылуу товар саткан же кызмат көрсөткөн ишкерлер 1-ноябрга чейин бошотулду.

    Ошол эле учурда окуу жайлардын ашканаларында жана буфеттеринде тамак даярдаган, өз алдынча жасалган кол өнөрчүлүк буюмдарын саткан ишкерлер ККМди 14-сентябрдан баштап колдонууга милдеттүү.