Жарыяланган
2024-14-02, 11:00Кыргызстан Кытайга жаңгак экспорттойт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Министрлик Кытайга 10 миң тонна жаңгак экспорттоо боюнча келишим түздү.
“Бул чечимдер экспорттук потенциалды кеңейтүүгө жана кыргыз өнүмдөрүнүн жаңы рынокторун табууга багытталган. Биринчи партия мурда эле жөнөтүлгөн. 2024-жылдын башынан тарта бүгүнкү күнгө чейин 500 тонна жаңгак жөнөтүлдү», - деп айтылат маалыматта.