akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2024-19-09, 17:39

    Төмөн тарифтер - көбүрөөк пайда. MBANK БАРДЫК кредиттер боюнча тарифтерди төмөндөтөт

    ААК "Коммерциялык Банк КЫРГЫЗСТАН"| MBANK кардарларынын мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн төмөндөтүлгөн пайыздык чен менен ар кандай категориялардагы насыялар боюнча пайдалуу акцияны ишке киргизет.

    2024-жылдын октябрь айынын аягына чейин банктын кардарлары үйлөрүнөн же кеңсесинен чыкпастан тез жана ашыкча кыйынчылыктарсыз эң ыңгайлуу шарттарда насыя алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ.

    Онлайн-кредит
    Насыянын суммасы: 250 000 сомго чейин
    Пайыздык чен: 18,99%
    Насыянын мөөнөтү: 36 айга чейин
    Натыйжалуу пайыздык чен: 22,07%дан баштап

    Арыз берүү процесси толугу менен MBANK мобилдик тиркемеси аркылуу ишке ашат, ал банктын кеңселерине баруудан жана кезек күтүү кажетин жокко чыгарат.

    Онлайн насыяга кантип алууга болот

    1. MBANK тиркемесин жүктөп алыңыз. Эгер сизде тиркеме жок болсо смартфонуңузга жүктөп алып, катталыңыз.
    2. Насыянын суммасын жана мөөнөтүн тандаңыз. Мобилдик тиркемеде “Онлайн кредит” бөлүмүн тандап, 250 000 сомго чейинки сумманы жана 36 айга чейинки мөөнөттү көрсөтүңүз.
    3. Маалыматтарыңызды ырастап, арызыңызды жөнөтүңүз. Кошумча документтерди чогултуунун же кепилдик берүүчүлөрдү тартуунун зарылылыгы жок.
    4. Бир нече мүнөттүн ичинде жыйынтык алыңыз. Кредитке макулдук берилгенден кийин акча дароо сиздин эсебиңизге түшөт.

    MBANK ошондой эле төмөнкү кредиттер боюнча үстөк пайыздарды төмөндөтөт:

    Керектөө насыясы
    Кепилдик берүүчүсүз: 250 000 сомго чейин, жылдык 19%дан
    Кепилдик берүүчү менен же унаа күрөөсү боюнча: 750 000 сомго чейин, жылдык 19%дан
    Кыймылсыз мүлк менен күрөөлөнгөн: 5 000 000 сомго чейин, жылдык 17%дан
    Насыянын мөөнөтү: 60 айга чейин
    Натыйжалуу пайыздык чен: 18,86%дан баштап

    Бизнес жана агро-кредиттер
    Кепилдик берүүчүсүз: 250 000 сомго чейин, жылдык 19%дан
    Кепилдик берүүчү менен же унаа күрөөсү боюнча: 750 000 сомго чейин, жылдык 19%дан
    Кыймылсыз мүлк менен күрөөлөнгөн: жылына 17% дан
    Насыянын мөөнөтү: 60 айга чейин
    Натыйжалуу пайыздык чен: 18,86%дан

    "Менин Үйүм" ипотекалык насыясы

    Насыянын суммасы: 8 000 000 сомго чейин
    Пайыздык чен: биринчи 36 ай 17% жылдык, 37-айдан баштап жылдык 19%
    Алгачкы төлөм: мүлктүн наркынын 30%нан баштап, сиздин жеке салымыңыз жок болгон учурда кошумча кыймылсыз мүлктү күрөөгө коюуга жол берилет.
    Насыянын мөөнөтү: 120 айга чейин
    Натыйжалуу пайыздык чен: 18,86%дан  

    «Биз кардарларыбызга бизнести өнүктүрүү, үй сатып алуу же жеке муктаждыктарын колдоо үчүн эң жагымдуу кредитик шарттарды камсыз кылууга умтулабыз. Бул акциянын алкагында биз бардык негизги кредиттик продуктылар боюнча пайыздык чендерди бир топ төмөндөттүк. Бул биздин кардарларга жеткиликтүү жана ыңгайлуу шарттарда насыя алуу мүмкүнчүлүгүн берет», - деди Кайрат Суранаев, MBANK Башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары.

    Акция 2024-жылдын 19-сентябрынан 31-октябрына чейин жарактуу.
    MBANK бардык продуктылар боюнча пайыздык чендерди төмөндөтүү аркылуу насыялоону жеткиликтүү кылууну улантууда. Насыяга алуу үчүн бүгүн кайрылыңыз жана уникалдуу шарттардан пайдаланыңыз!

    MBANK – Биринчи санарип!
    КР НБ № 014 лицензиясы

     


    Тектеш материалды окуу