akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-06-11, 17:52

    ТМУ саммитинин алкагында жалпысынан 16 документке кол коюлду

    Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун саммитинин алкагында жалпысынан 16 документке кол коюлду. Бул тууралуу аталган уюмдун Баш катчысы Кубанычбек Өмүралиев билдирди.

    Саммит “Түрк дүйнөсү: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, баары үчүн санарип келечек жана коопсуздук” деген аталышта өттү. Ал эми 2025-жылы Бишкек шаары Түрк мамлекеттер уюмунун санариптик, Жалал-Абад шаары туристтик борбору деп аныкталды.

    Белгилеп кетсек, ТМУга 2025-жылы төрагалык кылуу Казакстандан Кыргызстанга өттү.

    Саммитке беш мүчө – Азербайжан, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиянын жетекчилери, уюмга байкоочулук кылган өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышты.


    Тектеш материалды окуу