Жарыяланган
2025-09-04, 13:41Түндүк – Түштүк жолунун ачылышы 2026-жылга жылдырылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Министрликтин маалыматы боюнча, курулуш иштери башталгандан бери жолдун кооптуу тилкелерине илимий байкоолор жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы менен кошумча 2 галерея жана 3 эстакадалык көпүрө куруу чечими кабыл алынган.
Жолдун 331+924, 338+410-чакырымдарында кар көчкүдөн коргой турган 2 галерея, 332+656, 339+185, 339+907-чакырымдарында сел аккан сайлардын үстүнөн өткөн 3 эстакадалык көпүрө салынат.
Андан тышкары Барпы айылынан Сафаровка айылына чейин 25 км айланма жолду куруу пландалууда.
Кошумча курулуш иштери жүргүзүлө тургандыктан, Түндүк – Түштүк альтернативалык жолунун ачылыш аземи быйыл май айында болбойт. Жол 2026-жылы ачылары пландалууда.
Түндүк – Түштүк альтернативалык жолунун жалпы узундугу 433 чакырымды түзөт. Анын 200 чакырымга жакын жери мурда жол жок жерлерге салынган. Ошондой эле Көк-Арт ашуусунда Кыргызстандагы эң узун тоннель курулуп, эки эстакадалык көпүрө салынган. Жол пайдаланууга берилгенден кийин Жалал-Абаддан Балыкчыга чейин 6 саатта (учурда жолдун убактысы 13 саат) барууга мүмкүн болот.