Жарыяланган
2024-31-10, 12:55“Токмок-автодорожный” өткөрүү пункту убактылуу жабылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Ведомстводон такташкандай, интернет зымдарын улоо иштери жүрүп жатканына байланыштуу аталган бекеттен адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү токтотулду.
Мындан улам кыргыз-казак чек арасындагы бардык унаалар жана жүргүнчүлөр “Кең-Булуң” бекетине багытталууда.
Чек ара бекети качан ачылары тууралуу маалымат берилген жок.