Жарыяланган
2024-16-09, 13:56Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 16-сентябрда 12 млрд 842 млн метр кубга жетти. Бул тууралуу "Электр станциялары" мамлекеттик ишканасы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнү суу сактагычка секундасына 333 метр куб суу агып кирсе, чыккан суунун көлөмү секундасына 199 метр кубду түзүп жатат.
2023-жылдын 16-сентябрында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11,592 метр куб болгон.