akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-07-01, 11:16

    Күйүүчү майдан жыйым алуудан бюджетке канча акча түшөт?

    Январь айынан тарта кыргызстандыктар бензиндин ар бир литри үчүн 1 сомдон төлөй башташат.

    Эске салсак, 2024-жылдын аягында Жогорку Кеңештин жыйынында Салык кызматынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстанда жаңы төлөм киргизилгенине байланыштуу транспорт салыгын алып салууну сунуштаган. “Акчабар” бул салык бюджетке пайдалуубу, жокпу, эсептеп көрүүнү чечти.

    Монополияга каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, кыргызстандыктар суткасына 3 миң 288 тонна күйүүчү май жумшайт, бул 3 миллион 288 миң литрди түзөт. Ошентип, бюджетке күнүнө 3 миллион 288 миң сом түшөт. Бир айда бул сумма 98,6 миллион сомго, ал эми бир жылда 1 миллиард 183 миллион сомго чейин өсөт.

    Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 11 айында транспорт салыгынан бюджетке 1 миллиард 198 миллиард сом түшкөн. Башкача айтканда, жаңы төлөмдөн түшкөн киреше мурдагы салыктан бир аз азыраак болот. 
    Буга чейин транспорт салыгы унаанын кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша эсептелчү. Эми бардыгы ээсинин унааны канчалык көп колдонгонунан көз каранды. Бир жагынан бул адилеттүү болгондой сезилиши мүмкүн, анткени азыраак айдагандар азыраак төлөшөт. Бирок, экинчи жагынан, жаңы салык карапайым элге оор болушу мүмкүн. Айрыкча, коомдук транспорту жок, шаар сыртында жашагандар үчүн.  

    Ошол эле учурда бир нече автоунаасы бар жарандар үчүн салык жүгү жеңилдейт. Эми алар гараждагы ар бир машина үчүн эмес, күйүүчү май үчүн гана төлөшөт.


    Тектеш материалды окуу