Жарыяланган
2021-23-12, 04:53Кыргыз фондулук биржасынын 23-декабрга карата котировкаларында ата мекендик 23 компаниянын баалуу кагаздары сатылууда. Пакеттердин баасы 7,1 миң сомдон 196 миллион 122 миң сомго чейин бааланууда.
Белгилей кетсек, баардык пакетти да, бир баалуу кагаздан да сатып алууга болот. Минималдуу баасы 0,4 сом ("Чыгыш электрдин" акциялары), 2 миң 512 сомго чейин "Ками Моторс" акциясы.
Кызыктуу сунуштардын ичинен бир нускасы 1000 сомдон KICB корпоративдик облигацияларын, бир акциясы үчүн 200 сомдон ТНК "Дастан", "Бишкексүт" – 1500 сомдон, “Манас” аэропортун – 950 сомдон бөлүп көрсөтүүгө болот.