Жарыяланган
2025-30-04, 12:08Турак жай кодексине жана "Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр жапаров кол койду.
Өзгөртүүлөргө ылайык, "Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" мыйзамынын 72-беренесинин 7-бөлүгү жаңы редакцияда жазылды: Жаш курагы, кызмат өтөгөн жылдары, ден соолугуна, штаттардын кыскарышы боюнча пенсияга чыгуу укугу менен кызматтан бошотулган жана 20 жылдан кем эмес кызмат өтөгөн кызматкерге, ал каза болгон учурда үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле кызматтык милдеттерин аткарып жатканда курман болгон (көз жумган) кызматкердин үй-бүлө мүчөлөрүнө мамлекет же ал иштеген мекеме тарабынан берилген турак жай акысыз өткөрүп берилет.
Ошондой эле аталган берене 71-бөлүк менен толукталды. Ага ылайык 20 жыл же андан ашык убакыт кызмат өтөгөн кызматкер, ал каза болгон учурда үй-бүлө мүчөлөрү, ага берилген кызматтык батирди түз сатып алуу жолу менен менчиктештире алары каралган.
Мыйзам 10-майдан тарта күчнө кирет.