Жарыяланган
2024-21-10, 10:48"Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН" (Мбанк) башкармалыгынын курамында өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.
Банктын директорлор кеңешинин чечими менен Улан Жанболотов башкармалыктын төрагасы болду. Чечим 2024-жылдын 28-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Эске салсак, Жанболотов буга чейин Мбанктын башкармалыгынын төрагасынын операция ишмердүүлүгү боюнча орун басары болуп иштеген.