akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-04-06, 04:21

    Улуттук банк 2023-жылы акча басып чыгарууга 584,6 млн сом жумшаган

    2023-жылдын аягында жүгүртүүдө, башкача айтканда, кыргызстандыктардын колунда 207 млрд сомдон ашык акча болгон. 

    2022-жылга салыштырмалуу жүгүртүүдөгү акчанын көлөмү 8 млрд 440,9 млн сомго көбөйгөн. Акчанын көбөйүшү буга чейин жүгүртүүдөгү акча катары эсептелбеген кассалык аппараттардагы жана кампалардагы акчалардын колдонууга киришинен же жаңы банкнотторду басып чыгаруудан улам болушу мүмкүн. Же ага ушул эки фактор таасир этти.  

    Улуттук банктын баяндамасына ылайык, 2023-жылы жүгүртүүгө чыгарылган банкнотторду жана монеталарды чыгарууга кеткен чыгым 584 млн 686 миң сомду түздү. Бул жылдагыдан 24,6 млн сомго аз.

    2022-жылы Улуттук банк акыркы 10 жылда акча басып чыгарууга эң жогорку сумманы короткон. 

    Эске салсак, буга чейин Улуттук банктын башчысы Кубанычбек Бөкөнтаев Кыргызстандын банкноттору учурда француздардын “Oberthur Fiduciaire” жана америкалык “Crane Currency” тарабынан чыгарылып жатканын билдирген. Ошол эле учурда, анын айтымында, жаңы банкнотторду чыгаруунун баасы алардын номиналдык наркынан ашпайт.