akchabar logo with typographysearch
    Main photo

    Жарыяланган

    2025-28-04, 13:46

    Улуттук банк «Улуу Жеңишке 80 жыл» күмүш монетасын чыгарды

    Улуттук банк Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата 28-апрелден тартып «Тарыхый окуялар» сериясындагы «Улуу Жеңишке 80 жыл» күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарды. 

    «Улуу Жеңишке 80 жыл» монетасынын алдыңкы бетинде майрамдык салют түрүндө «80» деген сан берилген. Монетанын жогору жагында жылдыз, төмөн жагында согушта курман болгондорду эскерүү жана сый-урматты билдирген тасма байланган кызыл гүлдесте түшүрүлгөн. Монетанын жээктеринде «Улуу Жеңишке 80 жыл/80 лет Великой Победе» деген жазуу бар.   

    Монетанын арткы бетинде тынчтыктын жана эркиндиктин символу болгон канат жайган көгүчкөндөрдүн элеси «2025» жана «1945» деген сандар менен бир берилип, герб түшүрүлгөн. Монетанын төмөн жагында күмүштүн пробасы (Ag 925), чыгарылган жылы (2025) жана монетанын салмагы (28,28 g) көрсөтүлгөн. 

    Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиги жана каармандыгы үчүн 150 миңден ашуун кыргызстандык орден жана медалдар менен сыйланган. 74 адамга Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылcа, 34 адам Даңк орденинин үч даражасынын ээси болуп, 8 миңден ашык ардагер Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган. 


    Тектеш материалды окуу