akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: Интернеттен алынды

    Жарыяланган

    2024-29-01, 08:27

    Ун менен нандын баасын туруктуу кармоо макулдашылды

    Экономика жана коммерция министрлиги, Айыл чарба министрлиги, Монополияга каршы күрөшүү кызматы жана ун өндүрүү тармагынын ишканаларынын ортосунда кызматташуу боюнча келишим түзүлдү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди. 

    Белгиленгендей, тараптар рынокту сапаттуу буудай уну жана жеткиликтүү баада малга тоют менен толтурууну макулдашты. 

    Ун комбинаттары да өлкөнү ун менен камсыз кылууга, бул продуктыга жана нанга бааны турукташтырууга милдеттеништи.

    Келишим 2024-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу.