Жарыяланган
2025-14-01, 16:16EF English Proficiency Index рейтинги боюнча Кыргызстан 166 өлкөнүн ичинен 88-орунда турат. Өлкөдө англис тилин билүү деңгээли “төмөн” деп сыпатталды, бул 457 баллга туура келет.
Бул жыйынтык эң жакшы деп эсептелбесе да, коңшу өлкөлөрдөн жогору турат. Алсак, Казакстан 103-орунда жайгашып тилди өтө төмөн деңгээлде билген өлкөлөрдүн категориясына кирген. Өзбекстан (98-орун) жана Тажикстан (109-орун) да бул категорияга кирди.
КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң жакшы жыйынтыктарды “англис тилин орточо деңгээлде билүүчү” өлкөлөрдүн тобуна кирүү менен Беларусь (35-орун) жана Россия (44-орун) көрсөттү.
Нидерланды мүмкүн болгон 700 упайдан 636 упай топтоп, бир нече жыл катары менен англис тилин билүү боюнча лидер бойдон калууда. “Өтө жогорку деңгээлдеги” өлкөлөрдүн тобуна Норвегия (2-орун), Сингапур (3-орун) жана Швеция (4-орун) кирет.
Эң начар жыйынтыкка Кот-д'Ивуар (114-орун), Сомали (114-орун) жана Йемен (116-орун) илинди.