Жарыяланган
2024-06-12, 10:22Кыргызстанда сарымсак өндүрүү жыл сайын өсүүдө. 2024-жылы түшүм 100 миң тоннадан ашкан.
Кыргызстанда сарымсактын негизги бөлүгү жеке сектордо – 1 гектарга чейинки чарбаларда өндүрүлөт. Өнөр жайлык сарымсак өндүрүүгө адистешкен бир нече ишканалар бар.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги сарымсактын мекени Борбор Азия экенин жана Кыргызстанда түптүү сорттору бар экенин тактап жатат. Биздин бийик тоолуу климат сарымсак өстүрүүгө абдан ылайыктуу. Кыргызстандык дыйкандар ички рынокту да камсыздап, башка өлкөлөргө экспортту да өнүктүрө алышат.