akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: WWW

    Жарыяланган

    2024-08-07, 11:55

    «Бизнестеги аялдар» ментордук программасына катышууга билдирме берүүгө үлгүрүп калыңыздар

    «Бизнестеги аялдар» ментордук программасына катышууга билдирме берүүгө үлгүрүп калыңыздар. Анкеталарды кабыл алуунун аякташына 6 күн калды!

    ЕРӨБдүн «Бизнестеги аялдар» программасына катышууга билдирме кабыл алуу аяктап калды. Команданын катарына кошулуу үчүн анткета толтуруу керек. Билдирме кабыл алуунун акыркы күнү – 2024-жылдын 14-июлу.

    Программага катышууга ишкерлик тармакта эки жылдан ашык иштеген жана өз ишин өнүктүрүүнү максат кылган бизнес ээлери чакырылат. Алар менен Кыргызстандын,Европа, Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тажрыйбалуу ишкерлери өз билимдерин жана көндүмдөрүн бөлүшөт жана максатка жетүүгө шыктандырат. 

    Жети ай аралыгында программанын катышуучулары менторлор менен бирге продукциянын сапатын көтөрүү жана сатууларды көбөйтүү, өндүрүштү кеңейтүү жана жаңы сатуу рынокторуна чыгуу, жумушчу орундарды түзүү жана ата мекендик экономикага кошкон салымын жогорулатуунун үстүндө иштешет. Программада окуу акысыз.

    ЕРӨБдүн «Бизнестеги аялдар» программасы Cherie Blair Foundation for Women менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда жана #WeFi Ишкер-аялдар үчүн финансылык демилгелер жана Швейцария Өкмөтү тарабынан ЕРӨБдүн Чакан бизнести колдоо фонду аркылуу колдоого алынат (Италия, Япония, Люксембург, Норвегия, Түштүк Корея, Швеция, Швейцария, ЕРӨБ менен АКШнын ТайванБизнес-Фонд техникалык кызматташтыгы).

    Анкетага шилтеме: https://mssg.me/bibsh

    Программанын социалдык тармактардагы аккаунту: https://www.instagram.com/mentorship.kg