Жарыяланган
2024-05-12, 09:05Бир ири бүтүмдүн жыйынтыгында Кыргыз фондулук биржасынын биринчи рыногунда “Элдик банктын” 1,5 миллион акциясы сатылды.
Тагыраагы, 1 миллион 600 миң нуска сатылган. Бир баалуу кагаздын баасы 500 сомду түздү. Натыйжада сумма 800 миллион сом болду.
Биржанын биринчилик рыногундагы бүтүмдөр уставдык капиталды көбөйтүү ниетин көрсөтүшү мүмкүн экенин белгилей кетүү керек. 31-октябрга карата банкта 11 миллиард 401 миллион 484 миң сом бар. Көбөйткөндөн кийин ал 12,2 миллиард сомду түзөт.