akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-07-05, 11:11

    МИКтин уставдык капиталы 20,6 млрд сомго чейин көбөйөт

    Кыргыз фондулук биржасынын соода аянтчасында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын акцияларын сатуу боюнча ири бүтүм катталды. Бул тууралуу биржанын сайтына жарыяланды. 

    Жалпысынан 2 млрд сомго 20 миң жөнөкөй акция сатылган. Бир акциянын баасы 100 миң сомду түздү.

    Белгилеп кетсек, аукциондор КФБнын биринчилик рыногунда өттү, бул Мамлекеттик инвестициялар комитети уставдык капиталды көбөйтөт дегенди билдирет. Ошентип, көбөйгөндөн кийин ал 20,6 млрд сомду түзөт.