akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2021-09-11, 05:50

    Быйыл турак жайлардын көбү Ош облусунда курулган

    Ушул жылдын январь-сентябрь айларында Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча Кыргызстанда 7 миң 66 турак жай курулган. Алардын 6 миң 188и жеке үйлөр. Калган 878и көп кабаттуу. Жеке үйлөрдүн көбү же 1 миң 479у Ош облусунда курулган.

    Турак жай курулушу боюнча Жалал-Абад областы экинчи орунда турат. Ал жерде сентябрдын акырына карата 1283 үй курулган. Чүй облусунда болсо 949 үй курулган. Ысык-Көлдө - 656, 403 үй - Талас облусунда, 388 – Баткенде, ал эми эң азы – Нарын облусунда 328 үй курулган.

    Бишкек шаарында 528 үй, Ош шаарында 174 үй курулган.

    Мындан тышкары бир муниципалдык турак жай, беш мектеп, 17 бала бакча, 6 оорукана курулган.

     


    Тектеш материалды окуу