Жарыяланган
2024-09-12, 10:09Ош облусунун Алай районундагы Арпа-Тектир айылына спорт комплекс курулат. Бул тууралуу маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында пайда болду.
Тендерди облустук капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялаган. Анын пландалган суммасы 69 млн сомдон ашат.
Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү 23-декабрь.