akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2020-22-07, 06:15

    Бишкекке Стамбулдан кыргыз жарандары кайтып келди

    22-июлда Кыргызстанга Түркиядан 341 кыргыз жараны кайтып келди, алардын ичинде жашы жете элек балдар дагы бар. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

    [news 26303]

    Кыргызстандын жарандары Turkish Airlines авиакомпаниясынын Стамбул-Бишкек-Стамбул чартердик рейси менен келишти, аталган рейс Кыргызстандын жарандарын Түркиядан алып келүүгө жана Түркиянын жарандарын Кыргызстандан алып кетүүгө уюштурулган.

    Белгиленгендей, Түркия Республикасы кирүүгө чектөөлөрдү алып, эл аралык авиакаттамдарды жандандыргандыгына байланыштуу, транзиттик рейстер менен Кыргызстандын АКШ, Канада, Бразилия, Корей Республикасы, Чехия, Греция, Албания, Болгария, Венгрия, Словакия, Франция, Украина, Румыния, Швейцария, Италия, Испания, Германия, Польша жана Эфиопия мамлекеттериндеги жарандарын алып келүү мүмкүн болгон.

    Кыргызстандын чет мамлекеттердеги жарандарын алып келүү боюнча иштер уланууда.