akchabar logo with typographysearch
    Main photo
    Сүрөт алынган жер: www

    Жарыяланган

    2024-13-06, 06:01

    Бишкекте акциздик маркасы жок алкоголдук ичимдиктер жана тамеки табылды

    Бишкек шаарындагы "Берекет-Универсал" соода борборунун аймагында рейддик салык контролунун жүрүшүндө тамеки жана алкоголдук продукцияларды акциздик маркалары жок сатуу фактысын аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

    Ведомстводон белгилешкендей, мыйзамсыз жүгүртүүдөн бардыгы болуп 468 даана алкоголдук продукция жана 1 миң 870 куту тамеки тартып алынды.

    Ишкерлерге карата мыйзамга ылайык чаралар көрүлөт.

    Эске салсак, акциздик маркалары жок 1000 даанага чейин тамеки саткандарга 65 миң сом айып, ал эми 1000 даанадан ашык тамеки саткандар үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

    Салык кызматы ишкерлерге тамеки буюмдарын акциздик маркасыз сатпоого жана алардын аныктыгын жана шайкештигин кылдат текшерип турууга чакырат.