Жарыяланган
2024-14-11, 14:13Бишкек Жылуулук электр борборунун быйылкы абалы аны модернизациялоо зарылдыгын дагы бир жолу көрсөттү, деди Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып. Ал энергетика тармагында аткарылган иштер жана алдыдагы жумуштар тууралуу айтып берди.
Бишкек Жылуулук электр борборунун эки блогунун номиналдык кубаттуулугу ар бири 150 МВт болсо, иш жүзүндө ар бири 110 МВт гана иштеп чыгат.
"Оңдоо иштерине 1,6 млрд сом бөлдүк. Мындан тышкары 145 миллион долларга ТЭЦти модернизациялоо иштери башталды. Бул бизге кошумча 47 МВт өндүрүүгө мүмкүндүк берет”, - дейт Акылбек Жапаров.